Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 13:25

Эрдоган АКШнын күрт кошуундары боюнча сунушун четке какты


АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон менен президент Эрдогандын башкы кеңешчиси Ибрагим Калин. 8-январь, 2019-жыл.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтонду “одоно ката кетирди” деп айыптады.

Эрдоган 8-январда Ак үйдүн өкүлү Анкарадан узап кеткенден кийин: “Жон Болтон өтө одоно ката кетирди. Биз анын айтканы боюнча эч нерсе кыла албайбыз”, - деди.

Болтон Анкарага АКШнын Сириядагы өнөктөшү болгон күрт кошуундарынын коопсуздугуна Түркиянын кепилдигин алганы барган. Ал Анкарада Эрдогандын башкы кеңешчиси Ибрагим Калин менен эки сааттай сүйлөштү.

АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин басма сөз катчысы Гаретт Маркустун билдирүүсүндө эки тарап алдыдагы сүйлөшүүдө козголчу маселелерди аныктаганы жана Кошмо Штаттар аскердик кеңешмелерди өткөрүүгө даяр экендиги айтылат.

Бирок Түркиянын кабарларына караганда, Вашингтон менен Анкара Сириядагы күрт кошуундарына байланыштуу бир пикирге келе алышкан жок жана Болтон менен Эрдогандын 8-январга пландалган жолугуусу болбой калды.

Вашинтон "Эрдоган Түркиядагы шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу Болтон менен жолуга алган жок" деп маалымады. Андан кийин Эрдоган кабарчыларга “Болтон менен жолугууга зарылчылык жок” экенин айтты.

Сириянын түндүгү менен түндүк-чыгышында АКШнын эки миңден ашуун аскери жайгаштырылган. Алар "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы күрөштө жергиликтүү күрт жана араб кошуундарынан турган бирикмеге - Сирия демократиялык күчтөрүнө колдоо көрсөтүп келген.

Сирияда жарандык согуш башталганына мартта сегиз жыл толот. Орусия жана Иран куралдуу жаңжалда президент Башар Асадды колдосо, АКШ менен Түркия өкмөткө каршы күрөшкөн козголоңчулардын таламын талашып келатышат.

XS
SM
MD
LG