Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:24

Тажикстан: Диний билими барлар милицияга барып турууга милдеттүү


Куляб облусундагы Дин иштери боюнча комитеттин жергиликтүү тургундар менен жолугушуусу. 31-январь, 2015-жыл.
Куляб облусундагы Дин иштери боюнча комитеттин жергиликтүү тургундар менен жолугушуусу. 31-январь, 2015-жыл.

Тажик бийлиги чет жерде диний билим алып келген жаштарды жарым жылда бир жолу жашаган жериндеги милиция бөлүмүнө барып каттоодон өтүп турууга милдеттендирди. Бул маалыматты жергиликтүү жаштар «Азаттыктын» тажик кызматына ырасташты. Маселен, Гиссар шаарынын 32 жаштагы тургуну Дилшад жарым жылда бир жолу милицияга маалымат берип турарын билдирди. Милицияга жарандарды чакырып, мындай маалымат алууну укук коргоочулар дискриминацияга теңеп жатышат.

Расмий маалыматка ылайык, 2010-жылдан бери Йеменде, Сирияда, Пакистанда, Египетте, Иракта жана Иранда мыйзамсыз диний билим алып жүргөн кеминде үч миңдей тажик жараны мекенине кайтарылган. Мамлекет башчы Эмомали Рахмон өз билдирүүлөрүнүн биринде чет жакта медреселерде окуп жаткандар «молдо болбой эле, террорчуга айланып жатышканын» айткан.

XS
SM
MD
LG