Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:43

Жакупбекова: Зилалиев аэропортто кармалган эмес


Кыргызстандын мурдагы вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиев.
Кыргызстандын мурдагы вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиев.

"Мыйзамсыз байыган" деген жүйө менен былтыр 9-декабрда УКМК тарабынан камакка алынган Кыргызстандын мурдагы вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиевдин жактоочусу Чынара Жакупбекова анын аэропортто кармалганы тууралуу маалыматты төгүндөдү.

- Зилалиевдин аэропортто кармалганы тууралуу маалымат - бул абсурд, - деди адвокат. - Андай маалымат атайын Зилалиевге болгон ишенимди азайтуу максатында, аны качып бараткан жеринен кармалгандай кылып көрсөтүү үчүн таратылган. Аны мыйзамсыз байыгандыгы үчүн айыптап, бирок таптакыр эле башка, жайында тартылган видеону көрсөтүп жатат. Ошондуктан азыр ага кандай айып коюлары да биз үчүн белгисиз бойдон турат.

Адвокаттын айтымында, Зилалиевге азыр айып тагыла элек жана тергөөчүлөр анын акчасы мыйзамсыз табылганын далилдеши керек. Ал ошондой эле соттук жараян башталганда УКМК далил катары жарыялаган видеолор тууралуу да түшүндүрмө берерин кошумчалады.

9-декабрь күнү мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев эки айга УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Ага Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 308-10-беренеси (“Мыйзамсыз баюу”) боюнча иш козголду. Аны 8-декабрда УКМКнын кызматкерлери кармаган. (KR)

XS
SM
MD
LG