Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 21:49

Оштогу Кулатов кичи районунда базарды бузуу иштери башталды


Батыш базары.

Ош мэриясынын маалыматы боюнча, Кулатов кичи районундагы аллея курулчу жердеги соода күркөлөрүн бузуу иштери 9-январда башталды. Мэрия билдиргендей, базарда иштеп келген соодагерлер каршылык көрсөткөн жок. Ошондой эле аллеянын курулушу боюнча шаардык активисттер, жарандык коом жана бийлик өкүлдөрү катышкан тегерек үстөл болуп өттү. Анда аллеянын долбоору тааныштырылды. Ага ылайык, аллеянын узундугу 850 метрди түзөт. Ага бак тигилип, отургучтар орнотулат.

Оштогу Кулатов кичи районунда базарды сүрүп, ордуна аллея куруу тууралуу мэриянын токтому былтыр ноябрда чыккан. Айрым соодагерлер буга каршы чыгып, аллеянын курулушун 2025-жылга чейин жылдырууну бийликтен өтүнүшкөн. Бирок шаар мэриясы базар жайгашкан жер муниципалдык менчик экенин, ал жерге ээлик кылууга бир жылдык мөөнөткө гана келишим түзүлгөнүн, келишимдин мөөнөтү 2019-жылы январда аягына чыкканын кабарлаган.

Баштапкы маалыматтарга караганда аллеянын курулушуна шаар бийлиги 30 млн. сом сарптамакчы. (MdN)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG