Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:40

Казакстан Сириядан ондогон жаранын алып келди


Сириянын Ракка шаарынын сыртындагы качкындар лагери. 26-март, 2017-жыл.
Сириянын Ракка шаарынын сыртындагы качкындар лагери. 26-март, 2017-жыл.

Казак бийлиги Сириядан ондогон жарандары эвакуацияланганын билдирди. Ак ордонун басма сөз кызматы 9-январда кабарлагандай, аскерлер 5-6-январь күндөрү “Жусан” деп аталган операциянын алкагында Сириядан ондогон казак жарандарын өз мекенине алып келишкен.

Сириядан Казакстандын 47 жараны, анын ичинде бир жаштан бешка чейинки 30 бала жана 11 аял алынып келинген. Ак ордо жарыялаган видеодо колдоруна кишен салынып, бара жаткан эркектерди да көрүүгө болот.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев “достук алакадагы мамлекеттин көмөгү менен 47 казак жараны мекенине кайтарылганын” айтты.

“Аялдар менен 30 чактыдай бала бар. Алардын бардыгы террорчулардын колунда болгон. Көбү алданып барды. Кайтыш болгондор да бар. Кайтарылгандар медициналык текшерүүдөн өтүп, бир ай көзөмөлдө болушат. Аларга көмөк көрсөтөбүз” - деди казак президенти.

Назарбаев Сириядан кайтарылгандардын катачылыгы "башкаларга үлгү болот" деп үмүттөнөрүн кошумчалады.

2018-жылдын декабрында Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Сирия менен Ирактагы согуш талааларына 800дөн ашуун казакстандык кеткенин билдирген. Коопсуздук комитети куралдуу кагылышууларга мыйзамсыз катышкандыгы үчүн Сирияда 60ка жуук, Иракта 20дай казак жараны камакта отурганын маалымдаган.

Астана Ирак менен Сириядагы согушта жалпысынан канча казакстандык каза тапканын билбейт.

XS
SM
MD
LG