Жапон бийлигинин Курил аралдары боюнча айткандарына байланыштуу бул өлкөнүн элчиси Тоёхиса Кодзуки Орусиянын Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) чакыртылды.
Бул тууралуу маалымат министрликтин расмий сайтында жарыяланды. Башкы дипломатиялык мекеме Токионун “Жапония Курил аралдары үчүн компенсациядан баш тартууну пландап жатат” деген билдирүүсү элчини чакырууга себеп болгонун кабарлады.
Мындан сырткары жапон премьер-министри Синдзо Абэнин "Курилде жашаган орус жарандарынын макулдугу менен аралды берүү" мүмкүнчүлүгү тууралуу айткандары да аны чакырууга себеп болгону айтылат.
"Ушундай сөздөр Орусия менен Жапония лидерлеринин 1956-жылдагы биргелешкен декаларациясынын негизинде сүйлөшүү процесстерин тездетүү жөнүндө макулдашууларынын маани-мазмунун одоно бузуп жатат", деп жазылат Орусиянын ТИМи тараткан маалыматта.
Жапония менен Орусия Курил аралдарын - Итуруп, Шикотан, Кунашир жана Хабомаини Экинчи Дүйнөлүк согуштан бери талашып келет. Мурда Жапонияга караган аралдарды согуш учурунда Советтер Союзу ээлеп алган. 1956-жылы СССР менен Жапония аскердик аракеттерди токтотуу тууралуу декларацияга кол коюшканы менен тынчтык келишими кабыл алынбай калган. Аралдардын макамы келишимдин кабыл алынышын артка жылдырып келет. Орусия аралды өзүнүкү деп эсептейт, Жапония буга макул эмес.
Эки өлкөнүн лидерлеринин 14-ноябрдагы жолугушуусунан кийин 1956-жылдагы совет-жапон меоморандумуна кайтып келүү макулдашылганы белгилүү болгон.