Оштон гемодиализ алып жүргөн жыйырмага жакын бейтап тендердин жыйынтыгына нааразы болуп, Бишкекке саламаттык сактоо министри менен жолукканы келди. Бул тууралуу "Азаттыкка" бейтаптардын бири кабарлады.
- Биз мурда гемодиализди ЮРФА клиникасынан алып жүргөнбүз, - деди ал. - Булар бизге эскертпестен жаңы жылдын алдында "мындан ары БЭМАН клиникасына өтөсүңөр" деп коюшту. Ал жактан биз жакшы боло албай келгенбиз. БЭМАНдын шарттары талапка жооп бербейт. Бизге "ЮРФА менен БЭМАН тендерге катышып, БЭМАН баасын арзан көрсөтүп утуп кеткен жана биз тендердин жыйынтыгын жокко чыгара албайбыз" деп жатышат. Биз ал тендерди жокко чыгарууну талап кылып азыр саламаттык сактоо министри менен жолугалы деп күтүп жатабыз.
Буга чейин Ошто 33 бейтап бюджеттин эсебинен гемодиализ алуудан баш тарткан.
Ал арада тендердин жыйынтыгына нааразы болгон ЮРФА клиникасы да мекеме аралык комиссияга кайрылды.
Министрликтин маалыматына караганда, учурда 554 адам бюджеттик негизде гемодиализ аркылуу дарыланып жатат. (KR)