Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:02

Бир жылда дыйкандарга 5,6 млрд. сомдон ашык жеңилдетилген насыя берилди

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2018-жылы “Айыл чарбасын каржылоо - 6” долбоорун ишке ашыруунун алкагында дыйкан жана фермерлерге 5,6 млрд. сомдон ашуун суммада жеңилдетилген насыялар берилди. Бул тууралуу Финансы министрлиги кабарлады.

Министрликке караштуу Бюджеттик насыяларды башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына караганда, бул сумма 11 миң 332 айылдык товар өндүрүүчүгө берилген.

Бөлүнгөн каражаттардын ичинен өсүмдүк өстүрүүгө 1 млрд. 324,76 млн. сом, мал чарбасына 2 млрд. 867,7 млн. сом, кайра иштетүүгө жана айыл чарбасындагы кызмат көрсөтүүгө 1 млрд. 433,9 млн. сом жумшалды.

“Айыл чарбасын каржылоо” долбоору бир нече жылдан бери аткарылып келет. 2018-жылдын 14-февралындагы өкмөттүн буйругу менен анын алтынчы айлампасы башталган эле. Ага ылайык Финансы министрлиги менен 11 коммерциялык банктын ортосунда жалпы суммасы 5 млрд. 816 млн. сом болгон пайыздык чендерди субсидиялоо жөнүндө келишимдерге кол коюлган.

Бул долбоордун фазаларын ишке ашыруу 2020-жылдарга чейин улантылат. (ErN)

XS
SM
MD
LG