Бишкек шаарынын прокуратурасы айыппул катары өндүрүлгөн 731 миң 500 сомду өздөрүнө ыйгарып алган Ички иштер министрлигинин онунчу башкармалыгынын жана Бишкектин Биринчи май райондук милиция бөлүмүнүн кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.
Тергөө учурунда такталгандай, аныкталган коррупциялык схема паспорт-виза эрежелерин бузган чет элдик жарандардын жазанасын кымырып алууга багытталган. Тиешелүү кызматкерлер жеке менчик фирма менен сүйлөшүп алып, жасалма документтердин негизинде эсепти жаап жүрүшкөн.
Кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин 304 (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”), 221 ("Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы"), 350 ("Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу") беренелеринин негизинде козголду. Материалдар тергөө органдарына жөнөтүлдү. (ErN)