Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлагандай, эки провинциядагы чабуулдардан дагы 19 полиция өкүлү жарадар болгон.
Түндүктөгү Тахар провинциясында “Талибандын” согушкерлери полиция бекетине өткөн түнү чабуул койгондо кеминде сегиз полиция кызматкеринин өмүрү кыйылып, он төртү жарадар болгон.
Ал эми Баглан провинциясында талибдер полиция бекетине 10-январдын кечинде кол салганда жети полиция кызматкери мерт болуп, бешөө жараланган.
“Талибан” кыймылы бул кол салуулар үчүн азырынча расмий жоопкерчилик ала элек.
“Талибан” кыймылы акыркы айларда ооган коопсуздук күчтөрү менен өкмөттүк жайларга көбүрөөк кол сала баштады. Ошол эле учурда ооган жана АКШ аскерлери да согушкерлердин жер-жерлердеги кол башчыларына каршы операцияларын күчөттү. (UE)