Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:55

Казакстанда Сириядан кайтарылгандардын айрымдарына иш козголду


Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин департамент башчысы Бактыбек Рахимбердиев журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө. Астана, 10-январь, 2018-жыл.
Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин департамент башчысы Бактыбек Рахимбердиев журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө. Астана, 10-январь, 2018-жыл.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун казак кызматы кабарлагандай, бул тууралуу бүгүн журналисттерге Астанадан Улуттук коопсуздук комитетинин департамент башчысы Бактыбек Рахимбердиев билдирди.

Анын айтымында, Сириядан Казакстанга жакында кайтарылган ондогон адамдын ичинен алты эркекке жана бир аялга кылмыш иши ачылган. Алар “террордук ишмердикке катышкан” деп шек саналууда.

Казак бийлиги жарыялагандай, 6-январга караган түнкү “гуманитардык операция” учурунда Сириядан Казакстанга 47 киши, анын ичинде 30 бала, 11 аял, алты эркек кайтарылган.

Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин өкүлү Бактыбек Рахимбердиев белгилегендей, бул жарандар мекенине “ өз эрки менен кайтууга” макул болушкан.

Рахимбердиев журналисттердин суроолоруна жооп бергенде азыр Сирияда Казакстандын 370-380дей жараны жүргөнүн, алардын көпчүлүгү аялдар экенин, алар менен кошо дагы 400-500дөй жаш бала жүргөнүн кошумчалады.

Расмий Астана Сириядан казак жарандарын кайтаруу боюнча “операциянын” чоо-жайын жана аны кайсыл мамлекеттер менен өнөктөштүктө өткөргөнүн ачыкка чыгарган жок.

Тышкы иштер министринин орун басары Ержан Ашикбаевдин Астанадагы брифингде айткандарына караганда, ага даярдануу “татаал болгон” жана “бир нече ай кеткен”. (UE)

XS
SM
MD
LG