Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:11

АКШда бюджет боюнча мунаса табыла элек

Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси президент Дональд Трамп менен  Ак үйдөгү жолугушуу жыйынтыксыз аяктагандан  кийин кабарчылардын суроолоруна жооп берүүдө. Вашингтон, 9-январь, 2018-жыл.
Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси президент Дональд Трамп менен Ак үйдөгү жолугушуу жыйынтыксыз аяктагандан кийин кабарчылардын суроолоруна жооп берүүдө. Вашингтон, 9-январь, 2018-жыл.

Демократиялык партиянын Конгресстеги лидерлери менен президент Дональд Трамптын 9-январдагы сүйлөшүүлөрү баштала электе эле үзгүлтүккө учурады.

Президент менен сүйлөшүүлөргө Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси жана демократтардын Сенаттагы лидери Чак Шумер келген.

Пелоси президенттин Мексика менен чек арадагы дубалдын курулушун каржылоо боюнча суроосуна терс жооп бергенден кийин Трамп жыйын залынан чыгып кеткен.

Кийин ал "Твиттердеги" баракчасында демократтар менен жолугушуусун “текке кеткан убакыт” деп мүнөздөдү. Демократтардын лидерлери болсо президенттин “ачуусу келгенине” күбө болгонун белгилешти.

Трамп демократтар менен жолугар алдында Ак үйдөн америкалыктарга кайрылганда Мексика менен чек арада мыйзамсыз миграциядан улам түзүлгөн кырдаалды “гуманитардык кризис” деп мүнөздөгөн жана мыйзам чыгаруучуларды чек арада дубал курулушун камсыз кылууга чакырган. АКШнын президенти бүгүн Мексика менен чек аранын Техастагы бөлүгүнө барганы турат.

Мексика менен чек арадагы дубалдын курулушу үчүн Трамп Конгресстен 5,7 миллиард доллар сурап жатат. Бирок демократтар буга макул болбой, чек арада дубалдын курулушу үчүн эмес, коопсуздукту бекемдөөгө 1,3 миллиард доллар бөлүүнү сунуш кылып жатышат.

Дал ушул маселе боюнча пикир келишпестиктен улам АКШда бюджетти бекитүү создугуп, федералдык өкмөттүн иши жарым-жартылай токтоду.

Үчүнчү апта уланып жаткан бул көрүнүш, америкалыктар атагандай, АКШнын тарыхындагы экинчи узак “шатдаун”. (UE)

XS
SM
MD
LG