Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:02

Түндүк Кореянын лидери экинчи саммитте “жыйынтыкка жетишүүгө” даяр


Ким Чен Ын Кытайдан Түндүк Кореяга кайтып жаткан учур. 9-январь, 2018-жыл.
Ким Чен Ын Кытайдан Түндүк Кореяга кайтып жаткан учур. 9-январь, 2018-жыл.

Ким Чен Ын бул тууралуу Кытайдын президенти Си Цзинпин менен Бээжиндеги жолугушуусунда билдиргенин бүгүн Түндүк Кореянын жана Кытайдын мамлекеттик медиасы кабарлады.

Мындай маалымат Түндүк Кореянын лидери Кытайдагы эки күндүк сапарын аяктап Бээжинден Пхеньянга брондолгон поездинде кайтып баргандан кийин таратылды.

Ким Чен Ын Кытайга акыркы он ай ичинде төртүнчү ирет келип кетти. Түндүк Корея менен Кытайдын медиа каражаттарынын маалыматтарына караганда, ал кытай лидери Си Цзинпин менен акыркы жолугушуусунда өз өлкөсү АКШ менен экинчи саммитте “эл аралык коомчулук кубаттаган натыйжага жетүүгө” аракеттене турганын белгилеген.

АКШ жана Түндүк Корея лидерлеринин экинчи саммити качан болору азырынча тактала элек.

Түндүк Кореянын өзөктүк куралдан арылышы жана ага каршы эл аралык санкциялардын жоюлушу боюнча Вашингтон менен Пхеньяндын сүйлөшүүлөрү ушу тапта туңгуюк абалда турат.

Дональд Трамп менен Ким Чен Ын алгачкы саммитти былтыр 12-июнда Сингапурда өткөрүшкөндө, эки тарап “Корей жарым аралын өзөктүк куралдан толук арылтууну” үстүртөн макулдашкан.

Андагы билдирүүдө бул жараян качан жана кантип ишке ашары көргөзүлгөн эмес.

АКШ Түндүк Кореяга каршы эл аралык санкциялар өлкө өзөктүк куралдан толук жана текшерүү жолу менен арылганда гана жоюларын айтып келет.

Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын эгер АКШ санкцияларды сактай берсе, алардын сүйлөшүүлөргө мамилеси өзгөрүшү мүмкүн экенин эскерткен. (UE)

XS
SM
MD
LG