Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:21

11-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Кыргызстандын тоолору. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын тоолору. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз гидрометеорология борбору билдиргендей, 11-январда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын тоого жакын жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын болбойт.

Күндүз да Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жамгыр жана кар жаайт. Айрым райондорду туман каптайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -3...-8, күндүз 0...+5,

Таласта түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...+5,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -5...-10, күндүз 0…+5,

Баткенде, Ошто жана Жалал-Абадда түнкүсүн -2...+3, күндүз +3...+8,

Нарында түнкүсүн -20...-25, күндүз -10...-15 градус болот.

11-январда Бишкекте түнкүсүн кар жаабайт, күндүз мезгил-мезгили менен жамгыр жана кар себелеп турат. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -3…-5° суук, күндүзгү жогорку температурасы 3…5° болот. (ErN)

XS
SM
MD
LG