Борбор Азиядагы Америка университетинде 10-январдан 24-январга чейин "World Press Photo" эл аралык фото көргөзмөсү өтүп жатат.
Көргөзмөдө былтыр сынакта "айлана чөйрө", "негизги жаңылык", "спорт", "заманбап көйгөйлөр", жана "эл" категориялары боюнча эң мыкты деп табылган фотожурналисттердин иштери көрсөтүлгөн.
Аталган көргөзмө көп жылдардан бери фотожурналистиканын жана фотодокументалистиканын жогорку стандартта кармалып келишине көмөктөшөт.
"World Press Photo" - 1955-жылдан бери дүйнөнүн профессионалдык фотосүрөтчүлөрү үчүн өткөрүлүп келе жаткан эркин сынак. Көргөзмө Борбор Азиядагы Америка университетинин имаратында саат 9.00дан 18.00гө чейин өткөрүлүүдө. Кирүү акысыз. (KR)