Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:27

Бурулайдын иши: Жайыл райондук милициясынын кызматкерлери сурак беришти


Бурулайдын өлүмү боюнча сот иштеринде тартылган видеодон үзүндү.
Бурулайдын өлүмү боюнча сот иштеринде тартылган видеодон үзүндү.

Чүйдүн Аламүдүн райондук соту Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине карата ишти карады.

Буга чейин беш милиция кызматкерине Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси ("Шалаакылык") менен кылмыш иши козголгон. Алардын төртөө күнөөсүн жарым-жартылай моюнга алып, бирөө күнөөсүз экенин айткан. Бул жолку отурумда автомат көтөргөн жана түнкү күзөттө турган милиция кызматкерлери сурак беришти.

Жабырлануучу тараптын жана прокурорлордун суроолорунун көбү милиция кызматкерлеринин милдеттери жана жоопкерчилигине байланыштуу болду. Мурдагы сот отурумунда Бурулайдын атасы Турдаалы Кожоналиев жогорудагы эки кызматкерге карата кылмыш ишин токтотуу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Сот ал өтүнүчтү иштин материалдарына тиркеп, бирок чечим чыгара элек.

12-декабрда Свердлов райондук соту Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнө Марс Бөдөшевди айыптуу деп таап, 20 жылга күчөтүлгөн режимде камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган. Анын досу Акмат Сейитов "Ала качуу" беренеси менен жети жылга эркинен ажыратылган. (AiA)

XS
SM
MD
LG