“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун өзбек кызматы кабарлагандай, “коомдук тартипти камсыздоонун механизмдерин оңдоого багытталган" мыйзамга президент Шавкат Мирзиёев 10-январда кол койгон.
Ага ылайык, Өзбекстандын Административдик жоопкерчилик тууралуу кодексинин “сойкулук менен алектенүүнү” караган 190-беренесине бир катар өзгөртүүлөр киргизилди.
Эми Өзбекстанда сойкулук менен алектенгендерге минималдык эмгек акынын үчтөн жетиге чейинки өлчөмүнө барабар айып салынат. Мурда айыппул минималдык эмгек акынын бирден үчкө чейинки өлчөмүндө болчу.
Жаңы мыйзам боюнча бир жолу айыпка жыгылгандар бир жыл ичинде сойкулук менен алектенип кайра кармалса, минималдык эмгек акынын бештен онго чейинки өлчөмүнө барабар айыпка кириптер болот же 15 суткага чейин камакка алынат.
2018-жылдын 1-ноябрынан тартып Өзбекстанда минималдык эмгек акынын өлчөмү 202 730 сум деп белгиленген.
Бул Өзбекстандын Улуттук банкынын 10-январдагы алмашуу курсу боюнча 24 долларды түзөт. (UE)