Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:53

Помпео: АКШ Сирияда Ирандын бир өтүгү да калбашын көздөйт


Майк Помпео Каирдеги Америка университетинде сүйлөөдө. 10-январь, 2019-жыл.
Майк Помпео Каирдеги Америка университетинде сүйлөөдө. 10-январь, 2019-жыл.

Мамлекеттик катчы Майк Помпео бул тууралуу бүгүн Египетте АКШнын Жакынкы Чыгыштагы кеңири максаттары боюнча сөз сүйлөгөн учурда айтты.

Помпео Каирдеги сөзүндө белгилегендей, АКШ “Сириядан Ирандын ар бир акыркы өтүгүн (аскерин) чыгаруу үчүн өнөктөштөрү менен иштешет жана дипломатияны колдонот”.

Ага катар “Сириянын узактан бери азап тарткан элине тынчтык жана стабилдүүлүк алып келүү үчүн” өз аракеттерин күчөтөт.

- Аймактын жалпы жыргалчылыгы үчүн эски атаандаштыкты (Жакынкы Чыгыштагы) аяктай турган учур келди, - деди Помпео.

Иран Сириянын 2011-жылдын март айынан тарта тутанган жарандык согушунда Орусия сыяктуу эле президент Башар Асаддын өкмөтүнө аскерий колдоо көргөзүп келди.

Майк Помпео Жакынкы Чыгыштагы тогуз өлкө боюнча сапарынын алкагында Каирге бүгүн барган.

Батыштын маалымат агенттиктери жазгандай, анын иш сапары араб дүйнөсүндөгү өнөктөштөрдү Сириядан аскерлерин чыгаруу планына карабай АКШ бул аймактан кетип жатпаганына дагы бир жолу ынандыруу максатын көздөйт.

Помпео бүгүн Каирдеги Америка университетинде сүйлөп жатып АКШ Жакынкы Чыгышта “жакшылыктын күчү” болгонун да кошумчалады.

Ага чейинки басма сөз жыйында мамлекеттик катчы Сириядан аскерлерин чыгара турганына карабай, Вашингтон “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун коркунучун “биротоло жоюу” ишин уланта турганына токтолгон:

- “Ислам мамлекети” тобунун күч алышына жол бербөө боюнча биздин милдеттенмебиз реалдуу, маанилүү. Биз муну улантабыз. Бир конкреттүү жерде - Сирияда биз муну башкачараак жол менен жүргүзөбүз. АКШнын, президент Трамптын (Сириядан) аскерлерди чыгаруу боюнча чечими кабыл алынды. Биз аны аткарабыз, - деген Помпео.

Каирден соң Помпео Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнө барат.

Президент Дональд Трамп Сириядан америкалык аскерлерди чыгара баштоо жөнүндө өз чечимин алгач 19-декабрда жарыялагандан кийин аны Конгрессте республикачылар да, демократтар да сынга алышкан.

АКШнын Европадагы башкы өнөктөштөрү: Британия, Франция, Германия да бул чечимди туура көргөн эмес. Бирок Орусия жана Түркия кубаттаган.

Сириянын түндүгү менен түндүк-чыгышында АКШнын эки миңден ашуун аскер кызматчысы жайгаштырылган. Алар "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы күрөштө курамы жергиликтүү күрт жана араб кошуундарынан турган бирикмеге - Сирия демократиялык күчтөрүнө колдоо көрсөтүп келген. (UE)

XS
SM
MD
LG