Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:39

Кыргызстанда жапайы жаныбарлар көбөйдү


Ак илбирс.
Ак илбирс.

Кыргызстанда жапайы жаныбарлар жана Кызыл китепке кирген сейрек кездешүүчү куштардын түрү көбөйдү.

Бул тууралуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги "Нарын” мамлекеттик жаратылыш паркына жана “Чоң-Кемин” мамлекеттик коругуна коюлган фото капкандардын жыйынтыгына карап билдирди.

Учурда сейрек кездешүүчү жапайы жаныбарлардын көбөйүшүнө же азайышына байкоо салуу үчүн “Нарын” паркына дагы 16 фото капкан орнотулду.

Парктын аянты 105 миң 519 гектарды түзөт. Анын 36 миң, 860,7 гектарын корук, 809 гектарын бугу-марал питомниги, 27 860,7 гектарын буфердик аймак жана 40 689,9 көзөмөлдөөчү аймак түзөт.

Корукта сүт эмүүчү жапайы жаныбарлардын 26, канаттуулардын 104, балыктардын беш жана сойлоп жүрүүчүлөрдүн төрт түрү кездешери аныкталган.

Кызыл китепке кирген жапайы жаныбарлардан ак илбирсти, сүлөөсүндү, мадыл, тянь-шань бугусун, күрөң аюу, суусар, бугу-марал жана аркар-кулжаларды, өсүмдүктөрдүн 600дөн ашуун түрүн кездештирүүгө болот.

Жыл сайын Кыргызстанга 350дөн ашуун сейрек кездешүүчү жапайы канаттуулар учуп келсе, Кыргызстандын аймагында 400дөн ашуун сейрек кездешүүчү жапайы жаныбарлардын жана канаттуулардын түрү бар. Алардын 57 түрү Кыргызстандын Кызыл китебине катталган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG