Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 14:42

ШКУ саммитине даярдык тууралуу маалымат берилет


ШКУнун жыйыны. 18-октябрь, 2018-жыл.

Бүгүн 11-январда президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Садыков жана Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Шанхай Кызматташтык Уюмунун ушул жылы жайында Бишкекте өтө турган кезектеги саммитине даярдык боюнча маалымат беришет. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Былтыр Кытайда өткөн саммитте 2018-2019-жылдары Шанхай Кызматташтык Уюмуна төрагалык кылуу Кыргызстанга өткөн.

Циндао шаарында өткөн саммитте негизги болуп коопсуздук маселеси талкууланган. Жыйынтыгында Циндао декларациясы, терроризм, сепаратизм жана экстремизмге каршы туруу, маңзатка каршы күрөш, азык-түлүк коопсуздугу, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ШКУга мүчө мамлекет башчылардын биргелешкен чечимдерин кошкондо 20га жакын документ кабыл алынган.

Уюмга Кыргызстан, Кытай, Орусия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Пакистан жана Индия мүчө. Ооганстан, Беларус, Иран жана Монголия байкоочу өлкөлөр.

Быйыл саммит 14-15-июнда Бишкекте өтөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG