Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:08

Сот Зилалиевдин кылмыш ишин токтотуудан баш тартты


Дүйшөнбек Зилалиев.
Дүйшөнбек Зилалиев.

Бишкек шаардык соту мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин президенттик кортеж өткөн көчөдө "бомба коюлду" деп кабар таратканы боюнча козголгон кылмыш ишин токтотуудан баш тартты.

Адвокат Чынара Жакупбекова Кылмыш жана Кылмыш-процессуалдык кодекстин жаңы редакциясына ылайык, иштин мөөнөтү өткөнүн жана Зилалиевдин тамашасынан эч ким зыян тартпаганын белгилеп, биринчи инстанциянын чечимин жокко чыгарып, сот өндүрүшүн токтотууну суранган. Сот жактоочунун мындай жүйөсүн ынандырарлык эмес деп тапты.

Дүйшөнбек Зилалиевге карата кылмыш иши президент Сооронбай Жээнбековдун 2017-жылы 24-ноябрда болгон инаугурациясынан кийин Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренеси ("Террорчулук жөнүндө атайылап жалган маалымат таратуу") менен козголгон.

Инаугурация күнү президенттик кортеж өткөн көчөдө "бомба коюлду" деген кабар тараган. Жергиликтүү маалымат каражаттары бомба тууралуу милицияга ИИМ академиясынын курсанты кабарлаганын, ал эми ага "1532 ВК" мамлекеттик номерлүү "Лексус" машинесинен бир адам билдиргенин жазган. Кийинчерээк "машиненин номуру Зилалиевге таандык" деген маалымат чыккан.

Кылмыш ишин өткөн жылы 30-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) козгогон.

Зилалиев курсант кыз сөзүн туура эмес түшүнүп алганын" айтып келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG