Маршруттук айдоочулар митингге чыкпайт. Бул тууралуу "АльянсБус" жүргүнчүлөрдү ташуучулардын ассоциациясынын төрагасы Григорий Николаиди билдирди.
- Биздин кызматкерлер андай нерсени каалашпайт. Интернетте андай ушактарды ким таратып жатканын да билбейм. Ооба, азыр тарифтерди көтөрүү боюнча маселе турат. Себеби, акыркы жолу 2012-жылы жол кирени 10 сомго чейин көтөргөндө күйүүчү майга болгон баа бир литрине 30 сомду түзчү. Азыр ал 45 сом турат.
Бүгүн Бишкек шаарынын мэриясы жүргүнчү ташуучу маршруттук транспортторду иштеткен компаниялар менен жолугушуу уюштуруп, билет системасын киргизүү, тарифтерди көтөрүү маселелерин талкуулады. (KR)