Линктер

жекшемби, 19-май, 2019 Бишкек убактысы 14:24

Магнитогорск окуясы: үй-бүлөсүн жоготкон тажик жараны комадан чыкты


Магнитогорск шаарында курман болгон тажик үй-бүлөнүн мүчөлөрү жерге берилип жаткан учур. 7-январь, 2019-жыл.

Орусиянын Магнитогорск шаарындагы көп кабаттуу үйдөгү жарылуудан оор жараат алган тажикстандык Шухрат Улфатов комадан чыкты. Ал 10-январдын кечинде өзүнө келгенин, Тажикстандын Екатеринбургдагы консулдугунун өкүлдөрү менен сүйлөшкөнгө жараганын анын жакындары "Азаттыктын" тажик редакциясына билдиришти.

31-декабрда Магнитогорсктогу он кабаттуу үйдүн бир бөлүгү жарылуудан улам урап түшкөн. 26 жаштагы Улфатов жарылуудан көп өтпөй эс учун жоготкон абалда урандылардын алдынан табылган. Анын 24 жаштагы жубайы жана үч баласынын баары каза таап, алар 7-январда Тажикстанда жерге берилди.

"Ал өзүнө келери менен эле аялы менен балдарын сурады. Биз алар жакшы деп айтып койдук. Эми биз ага жакындары чындап эмне болгонун кантип айтабыз деп отурабыз",-деп билдирди 11-январда Улфатовдун туугандарынын бири Бахтияр Султанов.

Орус бийлиги Магнитогорсктогу кырсыкка газ жарылуусу себеп болгонун маалымдаган. Бул окуядан баш-аягы 39 адамдын өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG