Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:39

АКШ баштаган коалиция аскерлерин Сириядан чыгара баштады


АКШнын аскер адамдары Сирия демократиялык күчтөрүнүн өкүлдөрү менен Сирия-Түркия чек арасынын жанында. 4-ноябрь, 2018-жыл.
АКШнын аскер адамдары Сирия демократиялык күчтөрүнүн өкүлдөрү менен Сирия-Түркия чек арасынын жанында. 4-ноябрь, 2018-жыл.

АКШ баштаган аскердик коалиция өз күчтөрүн Сириядан чыгаруу жараянын баштады. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын армиясынын басма сөз өкүлү, полковник Шон Раян маалымдады. Бирок ал 11-январдагы билдирүүсүндө аскердик күчтөрдү Сириядан чыгарууга байланыштуу деталдуу маалымат берген жок.

"Коопсуздукка байланыштуу биз так мөөнөттү, аскерлердин жайгашкан жерлерин же багытын талкуулабайбыз", - деди Раян.

Баш кеңсеси Британияда жайгашкан Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы билдиргендей, АКШ баштаган коалициянын Сириянын Хасака провинциясындагы Рмейлан аба майданындагы аскердик күчтөрү азая баштады. Бул уюмдун маалыматы боюнча, аскерлер бул базадан 10-январдан тарта чыгып кете баштаган.

Президент Дональд Трамп АКШнын Сириядагы 2 миңдей аскеринин баары мекенине кайтарыларын 19-декабрда билдирген. Анын түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефондук сүйлөшүүсүнөн кийин жарыяланган бул чечими АКШнын өнөктөштөрүнүн сынына кабылган.

XS
SM
MD
LG