Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:50

Жалал-Абадга багыт алган учак кайра Бишкекке келип конду


Бишкекке кайтып келген учактын маршруту
Бишкекке кайтып келген учактын маршруту

TezJet авиакомпаниясынын Бишкектен саат 11:48де Жалал-Абад шаарына көздөй бет алган учагы орто жолдон артка кайтып "Манас" аэропортуна конду. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Манас" эл аралык аэропортунун диспетчерлери кабарлады.

Маалыматка ылайык, учак Жалал-Абаддын аба майданына коюу тумандан улам коно албай, артка кайтууга туура келген. 

Ошол эле күнү жүргүнчүлөргө Ошко учуучу рейс киргизген. Ал рейс бүгүн, 11-январда саат 18:20да учат. (KR)

 

XS
SM
MD
LG