Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:07

ШКУнун cаммити Кыргызстанда жай айларында өтө турган болду


Президенттин ШКУнун cаммитин өткөрүү боюнча жыйыны.
Президенттин ШКУнун cаммитин өткөрүү боюнча жыйыны.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда 2019-жылдын июнь айында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин кеңешин уюштуруу маселеси боюнча жыйын өткөрдү.

Мамлекет башчысы быйылкы жыл ШКУнун эгидасы алдында өтөөрүн жана ШКУ cаммитинин алкагында пландалып жаткан иш-чаралардын бардыгы Кыргызстан үчүн маанилүү окуя экенин белгилеп, каралчу маселелерди мазмундуу, жогорку деңгээлде даярдоону тапшырды.

Саммитти өткөрүү максатында жасалган иштер, пландалып жаткан чаралар боюнча уюштуруу комитетинин төрагасы, президенттин аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев, тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевдер маалымат беришти.

ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити 14-15-июнь күндөрү өтөт. Былтыр июнь айында Кытайдын Циндао шаарында ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын кезектеги саммитинде уюмга төрагалык кылуу Кыргызстанга өткөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG