Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:40

Минск АКШ дипломаттары боюнча чектөөнү алганы кабарланды


Беларус президенти Александр Лукашенко.
Беларус президенти Александр Лукашенко.

Беларус бийлиги америкалык дипломаттардын санына байланыштуу узактан бери келаткан чектөөнү алып салды. Бул тууралуу америкалык "Foreign Policy" өз булактарына таянып кабарлады.

Басылманын маалыматы боюнча, Беларустун тышкы иштер министри Владимир Макей чектөө алынганы тууралуу маалымат берүү үчүн АКШнын расмий өкүлдөрүнө телефон чалган.

2008-жылдын март айында беларус бийлигинин талабынан улам АКШнын Минскидеги элчилигинде дипломатиялык кызматкерлеринин саны 35тен беш кишиге чейин кыскарган. Расмий Минск мындай талабын Вашингтондун Беларустагы адам укуктарына байланыштуу санкцияларына жооп катары мүнөздөгөн.

Беларустун Тышкы иштер министрлиги АКШнын Минскидеги элчилигин кеңейтүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү ырастап, чектөө алынганын тастыктап же четке каккан жок.

"Foreign Policy" басылмасы Беларустун америкалык дипломаттарга байланыштуу соңку чечимин президент Александр Лукашенконун менен орус бийлигинин ортосундагы карама-каршылыктарга байланыштырды.

Бир күн мурда Лукашенко Москва мунай баасына байланыштуу Минскиге кенемте төлөбөсө, "өз өнөктөшүнөн ажырап каларын" эскерткен. Анын мындай билдирүүсүнө Орусиянын Беларуска берилген мунайдын баасын жогорулатуу планы себеп болду.

XS
SM
MD
LG