Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:04

Азия кубогу: Кытай Филиппинди утту 


Кытай (кызыл) Иран (ак) оюну. (архив)
Кытай (кызыл) Иран (ак) оюну. (архив)

11-январда футбол боюнча Азия кубогунун алкагында Кытай командасы Филиппинди 3:0 эсебинде уткандыгына байланыштуу Кыргызстандын тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгү азайды. Эгерде Кыргызстан бүгүнкү Түштүк Корея менен боло турган беттеште утулуп калса, 1/8 финалдык бөлүккө чыгууга мүмкүнчүлүгүн жоготот.

Ушул учурда «С» тайпасында Кытай алты упайы менен биринчи орунга чыкты. Ал эми Түштүк Кореяда азырынча үч упай бар. Кыргызстан менен Филиппиндин упайлары жок.

Түштүк Корея – Кыргызстан командаларынын оюну бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат. «Ак шумкарлар» кызыл түстө талаага чыгат, ал эми кореялык футболчулары ак түстөгү форма киймей болду. Дарбазачылар кара формага кийишет.

Оюн Аль-Айн шаарындагы Хазза бин Зайид стадионунда өтөт. 25 миң адамга ылайыкталган стадион 2014-жылы салынган. (SDz)

XS
SM
MD
LG