Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы бүгүн, 11-январда Азия кубогунун алкагында Түштүк Корея мамлекети менен ойноп жатат. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталды.
11-январда футбол боюнча Азия кубогунун алкагында Кытай командасы Филиппинди 3:0 эсебинде уткандыгына байланыштуу Кыргызстандын тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгү азайды. Эгерде Кыргызстан бүгүнкү Түштүк Корея менен беттеште утулуп калса, 1/8 финалдык бөлүккө чыгууга мүмкүнчүлүгүн жоготот.
Ушул учурда «С» тайпасында Кытай алты упайы менен биринчи орунга чыкты. Ал эми Түштүк Кореяда азырынча үч упай бар. Кыргызстан менен Филиппиндин упайлары жок.
Кыргызстан-Түштүк Корея оюну Бириккен Араб Эмирлигинин Аль-Айн шаарындагы Хазза бин Зайид стадионунда өтүп жатат. 25 миң адамга ылайыкталган стадион 2014-жылы салынган. (SDz)