Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:45

Зомбулуктан качканын айткан саудиялык кыз Канадага бармай болду


Рахаф Мохаммед аль-Кунун Таиланддын Миграция полициясынын жана БУУнун өкүлдөрүнүн коштоосунда баратат. 7-январь, 2019-жыл.
Рахаф Мохаммед аль-Кунун Таиланддын Миграция полициясынын жана БУУнун өкүлдөрүнүн коштоосунда баратат. 7-январь, 2019-жыл.

Үй-бүлөсүнүн зордук-зомбулугунан качканын айткан 18 жаштагы саудиялык кыз Таиланддан Канадага кетмей болду. Бул тууралуу Таиланддын иммиграциялык полициясынын башчысы Сурачате Хакпарн билдирди.

Ал Рахаф Мухаммед аль-Кунун 11-январдын кечиндеги каттам менен Канадага сапар алаарын айтуу менен гана чектелип, кошумча маалымат берген жок. Бул кабарды Канаданын тышкы иштер министрлиги ырастай элек.

Саудиялык кыз 5-январда Кувейттен Таиланддын борбору Бангоктун аэропортуна конгондо кармалган. Алгач тай бийлиги Саудиянын расмий өкүлдөрүнүн өтүнүчүнүн негизинде Аль-Кунунду өзү баргысы келген Австралияга эмес, Саудияга депортациялай турганын маалымдаган.

Аль-Кунун аэропорттогу мейманканада бекинип алып, өз мекенине учуп кетүүдөн баш тарткан. Эки күн мурда Бириккен Улуттар Уюму Аль-Кунунду качкын деп тааныган болчу.

XS
SM
MD
LG