Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:16

Футбол: Түштүк Корея Кыргызстанды 1-0 эсебинде утту


Оюн учурунда.
Оюн учурунда.

Кыргызстандык футболчулар Түштүк Кореянын курама командасына 1:0 эсебинде утулуп калды. Жалгыз голдун автору кореялык коргоочу Ким Мин Же болду. Ал эсепти биринчи таймдын 41-мүнөтүндө ачты.

Кыргызстан-Түштүк Корея оюну 11-январда Бириккен Араб Эмирлигинин Аль-Айн шаарындагы Хазза бин Зайид стадионунда өттү.

"Ак шумкарлар" кийинки оюнду 16-январда Филиппин командасына каршы ойнойт.

Учурда "С" тайпасында Кытай менен Түштүк Корея командаларынын алтыдан упайлары бар. Ал эми Кыргызстан менен Филиппинде упай жок.

Кыргызстан Азия кубогуна биринчи жолу катышууда. "Ак шумкарлар" буга чейин бул турнирдин тандоо бөлүгүнөн ары өтө албай келген. (SDz)

XS
SM
MD
LG