Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиевдин “Азаттык” радиосуна айтымында, 11-январда кечке маал белгисиз адамдар көрүстөндөгү 34 жыгач крестти жана эки мрамор эстеликти талкалап кеткен.
Азырынча көрүстөндөгү эстеликтерди талкалагандар аныктала элек. Милиция ишти иликтей баштады.
Иманалиев бүгүн Ананьево айылынын тургундары менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүн кабарлады.
“Райондун прокурору, милициянын башчысы болуп барып, тургундар менен жолуктук. Түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Биринчи мындай жорукту ким кылганын табалы, азырынча кайсы бир жоромолдорду айтпай туралы деп чечтик. Бул бейбаштык болушу мүмкүн. Кайсы бир диний же башка себептер жок деп ойлойм. Жергиликтүү тургундар түшүнүү менен кабыл алышты. Милиция иштеп жатат”, - деди Иманалиев.
Буга чейин айрым медиа каражаттары талкаланган эстеликтердин саны 80ден ашат деп жазып чыгышкан. Райондун акими бул маалыматтарды четке кагып, жергиликтүү бийлик эстеликтерди калыбына келтирүүгө жардам берерин убада кылды.(BkA)