Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:39

Орусия соту кылмышка шектелген банкирди Казакстанга өткөрүүгө макул болду


Орусия банкир Жомарт Ертаевди Казакстанга өткөрүү боюнча прокуратуранын чечимин мыйзамдуу деп тапты.

Мындай чечимди 11-январда Москва шаардык соту кабыл алды. Ертаевдин адвокаты Алексей Петровдун айтымында, учурда чечим күчүнө кире элек жана доо арыз берилиши мүмкүн.

45 жаштагы Жомарт Ертаев былтыр май айында Москвада кармалган. Ал алгач үй камагында кармалып, кийин бошотулганы кабарлаган.

Ертаев Казакстанда 80 миллион доллардан ашык каражат боюнча алдамчылыкка шек саналууда.

Буга байланыштуу казак прокуратурасы Орусияга кайрылып, Жомарт Ертаевди мекенине эстрадациялоону өтүнгөн. Орусиянын Башкы прокуратурасы бул өтүнүчтү канааттандыруу чечимин кабыл алган. Ертаев өзүнө тагылган айыпты четке кагып, саясий куугунтук деп атаган.

RBK банкынын төрагасынын кеңешчиси болуп иштеген Жомарт Ертаев буга чейин да Казакстанда банк мыйзамдарын бузганы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган.(BkA)

XS
SM
MD
LG