Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:36

Курал саткан чек арачыларга сот өкүмү чыкты


Иллюстрация
Иллюстрация

Бишкектин Биринчи май райондук соту Чек ара кызматынын кампаларынан курал-жарак уурдоого байланыштуу ишти карап бүттү.

Бул тууралуу Жогорку соттон кабарлашты. Чечимге ылайык, Чек ара кызматынын төрт кызматкери 12 жылдан 17 жылга чейин соттолушту. Дагы алты адам беш жылдан сегиз жылга чейин шарттуу түрдө кесилди. Ал эми курал сатууга тиешеси бар кылмыштуу топтун өкүлү 21 жылга эркинен ажыратылды.

Чек ара кызматынын бир нече кызматкери курал-жарак сатып жүргөнү 2017-жылы ачыкка чыккан. Анда 2014-жылдан 2016-жылга чейин аскер бөлүктөгү бир нече кызматкер өз ара сүйлөшүп алып, кампада сакталган курал-жарактарды уурдап чыгып, сатып жүргөнү аныкталган.

Бул иш боюнча 13 адамга Кылмыш кодексинин алты беренесинин негизинде айып тагылды. Алардын арасында мурдагы аскер жана милиция кызматкери менен кошо жөнөкөй жарандар да бар.(BkA)

XS
SM
MD
LG