Ошто эки жашар баланын өлүмүнө шектүү аял эки айга камалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.
Мындай чечимди 12-январь күнү Ош шаардык соту чыгарды. Ага ылайык, кайнисинин эки жашар баласын сабап, өлтүрүп койгон деп шектелип жаткан аял 12-мартка чейин тергөө абагында болот.
10-январь күнү Ош шаарында отуз жаштагы келин эки жашар баланын өлүмүнө шектелип кармалган.
Алгачкы суракта ал бала шымына сийип койгону үчүн сабаганын айткан. Милициянын маалыматы боюнча, наристенин сөөгүндө көгала тактар болгон. Баланын ата - энеси ажырашып кетишкен. Маркум бала беш жаштагы акеси менен бирге атасынын колунда калган.
Атасы балдарын бир тууган агасына калтырып, Орусияга иштегени кеткен. Шектүү келиндин өзүнүн да беш баласы бар экени айтылууда. (MdN)