Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:00

Кытайда шахтадагы жарылуудан 21 киши өлдү


Кытайдын картасы.
Кытайдын картасы.

Кытайдын түндүгүндөгү Шеньси дубанында шахтада жарылуу болуп, 21 киши көз жумду. Бул тууралуу мамлекеттик "Синьхуа" агенттиги кабарлады. Анын маалыматына ылайык, кырсык бүгүн эртең менен болгон. Кырсыктан соң алтымыштан ашык кенчи куткарылганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришкен.

Шеньси дубанында көмүр кендери көп жайгашкан. Акыркы убакта Кытайда шахталардагы кырсыктар азайганы менен бул жагынан ал дагы эле дүйнөдөгү эң кооптуу жайлардын бири болуп саналат.

XS
SM
MD
LG