Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:50

АКШ: Трамп “шатдаун” дагы уланышы мүмкүн экенин эскертти


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп өкмөттүн ишин жарым-жартылай токтотууга алып келген “шатдаун” мындан ары да уланышы мүмкүн экенин эскертти. Трамп бул үчүн парламенттеги демократтарды айыптады.

“Демократтар “эс алуусун токтотуп, жумушка чыкмайынча”, биз узак убакыт бою жумушка келбешибиз мүмкүн”, - деп жазды АКШнын президенти 12-январда "Твиттердеги" баракчасына.

Кошмо Штаттарда өкмөттүн толук каржыланбай турганына 12-январда 22 күн толду. Бул АКШ тарыхындагы эң узун “шатдаун” болуп калат. Буга чейин Билл Клинтондун президенттик жылдарында өкмөт 21 күн толугу менен каржыланбай калган эле.

Мексика менен чек арадагы дубалдын курулушу үчүн Трамп Конгресстен 5,7 миллиард доллар сурап жатат. Бирок демократтар буга макул болбой, чек арада дубалдын курулушу үчүн эмес, коопсуздукту бекемдөөгө 1,3 миллиард доллар бөлүүнү сунуш кылышкан.

Дал ушул маселе боюнча пикир келишпестиктен улам АКШда бюджетти бекитүү создугуп, федералдык өкмөттүн иши жарым-жартылай токтогон.

XS
SM
MD
LG