Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:18

Саудиялык качкын кыз Канадага барды


Рахаф Мохаммед Аль-Кунун Таиланддын аэропортунда. 11-январь, 2019-жыл.
Рахаф Мохаммед Аль-Кунун Таиланддын аэропортунда. 11-январь, 2019-жыл.

Сауд Арабиясынын жараны Рахаф аль-Кунун ишембиде Торонтого учуп барды. Мунун алдында ага Канаданын бийлиги башпаанек берген.

Аль-Кунун саудиялык коомдогу катаал эрежелерди, чектөөлөрдү сактоодон баш тартканы үчүн ата-энеси, туугандары тарабынан куугунтукка кабылганын, өмүрүнө коркунуч бар экенин айтып Таиландга бир жума мурда качып барган.

Рахаф аль-Кунун Баңкоктун чек ара көзөмөл бекетинде кармалган. Ал үй-бүлөсү менен Кувейтке барган жеринен качып кеткенин, эгер Сауд Арабиясына кайтарылса өмүрүнө коркунуч тууларын билдирген.

Транзиттик аймакта эки сутка отургандан кийин Бириккен Улуттар Уюму аны качкын катары таанып, аз өтпөй Канада тийиштүү макам берген.

"Reuters" агенттиги мындай чечим Оттава менен Эр-Рияддын мамилеси чыңалып турган учурда кабыл алынганын жазат. Былтыр Канаданын бийлиги адам укуктары үчүн күрөшкөндөрдү тез арада абактан бошотууну Саудиянын бийлигинен талап кылган. Буга падышалык нааразылык билдирип, эки өлкөнүн жаңы соода келишими үзгүлтүккө учураган.

XS
SM
MD
LG