«Азаттыктын» журналисти Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнөн кийин пансионаттын жооптуу адамдарына карата козголгон кылмыш иши боюнча жараян 17-январда башталат.
Бул тууралуу «Азаттыкка» Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз катчысы Гүлзада Ашырбаева билдирди. Анын айтымында, алгачкы жараян былтыр 3-декабрга белгиленип, бирок тараптар келбей калгандыктан 17-январга жылдырылган.
28 жаштагы Уланбек Эгизбаев былтыр 22-июлда Ысык-Көлдөгү "Акун" пансионатында эс алып жүргөн кезде күтүүсүз каза болгон. Соттук-медициналык экспертизанын тыянагында "анын өлүмүнө сууга чөгүү себеп болгон” деп айтылган.
Журналисттин өлүмүнөн кийин пансионаттын жооптуу адамдарына Кылмыш-жаза кодексинин 258-беренеси ("Шалаакылык") менен кылмыш иши козголгон.