Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:09

Көрүстөндөгү эстеликтерди талкалагандар табыла элек

Ананьеводогу православ көрүстөнү. Сүрөт 13-январда тартылган.
Ананьеводогу православ көрүстөнү. Сүрөт 13-январда тартылган.

Ысык-Көл районундагы Ананьево айылында православ көрүстөнүндөгү эстеликтерди талкалап кеткендер табыла элек. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы «Азаттыкка» билдирди.

Маалыматка караганда, шектүүлөрдү издөө иштери дагы эле уланып жатат.

Ананьево айылындагы православ көрүстөнүндөгү жыгач кресттер талкаланганы 12-январда белгилүү болгон. Аларды 11-январдын кечинде белгисиз кишилер бузуп, сындырып кеткени айтылган.

Учурда Бишкектеги жана Караколдогу православ чиркөөсүнүн өкүлдөрү эстеликтерди калыбына келтирип жатышат.

Милиция православ мүрзөсүндө 90го жакын эстелик талкаланганын кабарлады.

​
XS
SM
MD
LG