Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 16:23

Казакстан: дене тарбия мугалими студентти сабаган деп айыпталууда


Алматыдагы коллеждердин бири.

Алматы облусунун Жаркент шаарынын коллеждеринин биринде дене тарбия сабагынын мугалимине студентти сабаганы үчүн кылмыш иши козголду.

Териштирүүгө байланыштуу окутуучу иштен четтетилди. Азыр иш Кылмыш-жаза кодексинин 140-беренеси ("Жашы жете электи тарбиялоодо милдеттерин аткарбоо") менен тергелип жатат.

Буга чейин социалдык түйүндөрдө видео тарап, анда спорттук кийимчен киши окуу бөлмөсүндө студентти чаап, сөгүнгөнү тартылган.

Окуяны атайын түзүлгөн комиссия да иликтөөгө киришти.

XS
SM
MD
LG