Ысык-Көл районунун Ананьево айылындагы православ көрүстөнүндө 91 эстелик талкаланган. Облустук милициянын басма сөз кызматы анын экөө мармар таш экенин, калганы жыгачтан жасалганын билдирди. Бишкектеги жана Караколдогу православ чиркөөлөрүнүн өкүлдөрү эстеликтерди калыбына келтирүүгө көмөктөшүүдө.
Окуянын чоо-жайын Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүндө түзүлгөн ыкчам топ иликтеп жатат. Аларга облустук башкармалыктан адистер жардам берүүдө. Кылмыштын күнөөкөрлөрү аныктала элек.
11-январдын кечинде белгисиз адамдар Ананьево айылындагы православ көрүстөнүнө келип, маркумдарга коюлган эстеликтерди талкалап кетишкен. Көрүстөндүн жалпы аянты бир жарым гектар.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев окуяны өзгөчө адепсиз көрүнүш катары баалап, күнөөкөрлөрдү тез арада табууну Ички иштер министрлигине тапшырган. (SE)