Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:44

Эркектерге эрте никенин кесепети түшүндүрүлүп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда кыздарды эрте турмушка узатууга каршы түшүндүрүү иштерине атайын долбоордун алкагында дин кызматкерлери тартылууда. “Аялдар тынчтык банкы” коомдук фонду 2018-жылдын августунда өлкөдө баштаган бул долбоор муфтият жана Дин комиссиясы менен макулдашылган.

Коомдук фонддун жетекчиси Гүлсана Абытова "Азаттыкка" билдиргендей, молдолор мечиттерде эрте никенин кесепети тууралуу эркектерге сабак өтүп жатат. Андан тышкары, аялдарга да диний билими бар адистер түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Долбоор 2019-жылдын февралында аяктайт.

Кыргызстан - дин мамлекеттен ажыратылган өлкө.

Өспүрүм кыздарды ала качып, 18 жашка чейин никеге туруу мыйзамда кылмыш болуп эсептелет. Нике күбөлүгү жоктордун никесин кыюуга молдолорго да тыюу салынган. Дин аалымдарынын түшүндүрмөсүнө караганда, кыздын макулдугу болмоюнча аны менен мажбурлап никеге турууга ислам да жол бербейт. (SE)

XS
SM
MD
LG