Иранда 14-январда кулап түшкөн жүк ташуучу "Boeing 707" учагы Кыргызстандын "Манас" эл аралык аэропортунан учуп чыккан. "Манас" аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова "Азаттыкка" чартердик каттам жүргүзгөн учак ирандык авиакомпанияга таандык экенин билдирди.
Учак дүйшөмбүдө эртең менен саат 7:16да учуп кеткен. Ал Тегеранга жакын жердеги "Пайам" аэропортуна конушу керек эле.
Курмандыктар жана жабыркагандар тууралуу маалымат азырынча жок. "Reuters" агенттиги Ирандын мамлекеттик телеканалына таянып кабарлагандай, бортто тогуз киши болгон. Түрдүү маалымат булактары курмандыктардын саны 9дан 16 кишиге чейин экенин жазып жатышат. (SE)
Учак кулагандан кийин тартылган видео.