Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:42

Кыргызстанда таза сууга муктаж айылдардын тизмеси кайра такталат


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Кыргызстанда таза сууга муктаж айыл-кыштактардын тизмеси жаңыдан такталат. Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууну чыгаруу департаментинин директору Аскарбек Токтошев 14-январда билдиргендей, президент өлкө калкын 2023-жылга чейин таза суу менен камсыз кылууну тапшырды. Мамлекет башчы каржы маселесин чечүү үчүн инвестор тартууну да сунуш кылды.

- Учурда өлкөдө таза суу маселеси чечиле элек 653 айыл бар. Кыргызстандын бүт аймагына толук таза суу жеткириш үчүн 30 млрд. сомго жакын акча керек, - деди Токтошев.

Таза сууга муктаж айылдардын тизмеси кайра такталат
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:15 0:00

Өлкөнү таза суу менен камсыз кылыш үчүн мамлекеттик бюджеттен былтыр 250 млн. сом бөлүнгөн, быйыл 350 млн. сом берүү каралууда. Калганы эл аралык донорлордон алынат.

Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууну чыгаруу департаменти Бүткүл дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Ислам өнүктүрүү банкы, Евросоюз жана башка уюмдар менен кызматташат.

Таза суу маселеси Кыргызстандын социалдык жашоосундагы негизги көйгөйлөрдүн бири. Азия өнүктүрүү банкы бул максатта ири насыя бөлгөн, бирок кийин ал каражат максатсыз пайдаланылганы тууралуу маалымат чыккан. (АТо)

XS
SM
MD
LG