Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:39

Баткенде мигранттардын балдары такталып жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткенде адистер үймө-үй кыдырып, башка жакка иштегени кеткен мигранттардын балдарынын санын тактап жатат. Баткен шаарынын мэриясы 14-январда “Азаттыкка” билдиргендей, бул өнөктүк өкмөттүн токтомуна ылайык жүргүзүлүүдө.

Балдарга карата ырайымсыз мамиленин, зомбулуктун жана укук бузуунун алдын алуу максатындагы мындай каттоо иштери облустун бардык аймактарында жүрөт.

Комиссиянын курамында аймактагы социалдык коргоо башкармалыгынын кызматкерлери, жаш өспүрүмдөр менен иштеген инспекторлор, билим берүү, саламаттык сактоо кызматкерлери, жергиликтүү бийлик жана дин өкүлдөрү, аксакалдар, аялдар кеңештеринин мүчөлөрү бар.

Алар ар бир үйгө кирип, балдардын документтерин, жашоо шартын, саламаттыгын текшерүү менен мигранттардын балдарын маалымат базасына каттоого алышат.

Баткен облусу боюнча ата-энеси чет өлкөгө жумуштап кетип, жакындарынын кароосунда калган 15 миңден ашык бала бар экени айтылып жүрөт.

Кыргызстанда соңку күндөрү ата-энеси чет элде жүргөн, туугандарынын кароосунда калган балдар зомбулукка кабылып, айрымдары каза болгон учурлар болду. (JsA)

XS
SM
MD
LG