Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербинин кабыл алынганына 25 жыл толду. Өлкөнүн негизги үч атрибутунун бири болгон герб 1994-жылдын 14-январында Жогорку Кеңештин токтому менен кабыл алынган. Анын авторлору - Асеин Абдраев жана Садырбек Дубанаев.
Дубанаев бир кезде журналисттерге берген маалыматка ылайык, гербдин алгачкы вариантында канаттары жайылган шумкар чагылдырылып, ал мамлекеттин эркиндигинин белгиси катары сыпатталган. Ортосунда Ысык-Көл суусу, Ала-Тоонун аскалуу бийик кырка тоолору тартылган. Кийин гербдин чекесине буудай менен пахтанын сүрөтү кошулган. Үстү жагына “Кыргыз”, астына “Республикасы” деп жазылган.
Кыргыздарда 7 саны өзгөчө мааниге ээ болгондуктан, гербдеги Ала-Тоодо жети чоку тартылган. Шумкардын канаттарында жети бөлүк бар.
Гербдеги негизги түстүн көк экендиги Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) мүчөсү экендиги менен түшүндүрүлөт. Аталган уюмдун туусу көк түстө. (SE)