Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:30

Трамп Түркиядан күрттөргө каршы агрессивдүү чара көрбөөнү талап кылды


АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын жолугушуусу. 11-июль, 2018-жыл.
АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын жолугушуусу. 11-июль, 2018-жыл.

АКШнын президенти Дональд Трамп "Твиттер" баракчасына Сириядан америкалык күчтөр чыгарыла баштаганын белгилеп, ошол эле маалда "Ислам мамлекети" террордук тобуна сокку урула берерин билдирди.

Трамп ошону менен катар Түркияны Сириянын түндүк-чыгыш райондорун көзөмөлдөгөн күрттөргө каршы агрессивдүү чара көрүүдөн алыс болууга чакырды.

"Эбактан бери бышып жетилген Сириядан аскер күчтөрүн чыгаруу жараянын баштадык. Аны менен катар эле "халифаттын" калдыгына ар тараптан катуу сокку уруп жатабыз. Алар кайрадан топтошсо сокку ура беребиз" - деп айтылат америкалык лидердин "Твиттер" баракчасына жекшембиде жарыялаган маалыматында.

Трамп ошондой эле Анкарага "Эгер Түркия күрттөргө чабуул койсо, экономикалык жактан жок кылабыз" деп эскертет.

Трамп Орусияны, Иранды жана Сирияны "Ислам мамлекети" террордук тобуна карата "америкалык саясаттан пайда тапкандар" деп атады. Президенттин белгилешинче, "АКШ дагы "Ислам мамлекети" террордук уюмуна сокку урууда жеңишке жетти, эми болсо аскерлерди үйгө кайтара турган учур келди".

12-январда маалымат каражаттары Түркиянын Сирия менен чектешкен Хатай провинциясына танктар жана чопкутталган техника кербени келе баштаганын кабарлашты.

Түркия күрт кошуундарын террористтик уюм деп эсептейт.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын басма сөз катчысы Ибрахим Калин "Твиттерге" Түркия Кошмо Штаттардан "ортодогу стратегиялык өнөктөштүктү сыйлоону" күтөөрүн жана Вашингтондун "террористтик үгүттүн көлөкөсүндө калбашын" каалай тургандыгын билдирди.

Калин "Ислам мамлекети" террордук тобу менен Түркияда тыюу салынган Күрттөрдүн жумушчу партиясынын жана АКШ колдогон Күрттөрдүн демократиялык кошуунунун, сириялык күрт согушкерлеринин ортосунда эч кандай айырма жок деп эсептей турганын билдирди. "Биз аларга каршы күрөштү уланта беребиз" деди Калин.

Трамптын Сириядын америкалык күчтөрдү чыгарып кетүү боюнча чечими АКШнын өнөктөштөрүн нес кылып, Сириядагы күрттөрдүн нааразылыгын туудурган.

XS
SM
MD
LG