Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:44

Сузакта кылмышка шектүү адамдын жетекчи болушу нааразылык жаратты


Сопубек Сариев.
Сопубек Сариев.

Кылмыш иши козголуп, иши тергөөдө каралып жаткан Сопубек Сариевдин Сузак райондук билим берүү бөлүмүнө дайындалышы бир катар адистердин нааразылыгына себеп болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” коомдук ишмер Жылдызбек Турганов билдирди.

- Сариев буга чейин бир да жолу мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы же директор болуп иштеген эмес. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагында жана өкмөттүк эмес уюмдарда гана иштеген. Билим берүү тармагына тиешеси жок адам жетекчи болуп жатат. Райондук сотто жана ички иштер органдарында анын үстүнөн козголгон кылмыш иштери каралып жатканына карабай Билим берүү министрлиги туура эмес чечим кабыл алды, - деди Турганов.

Мындай нааразы пикирин райондогу мектептердин биринде эмгектенген педагог Дөөлөтбек Эргешов да билдирип, Сопубек Сариев жогорку бийликтегилердин жардамы менен келгенин белгиледи.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдиргендей, Сопубек Сариев иштеткен компанияга карата бала бакча сыяктуу социалдык обьектилерди тендер аркылуу оңдоодо кетирген мыйзам бузуу үчүн былтыр март айында Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык”, “Кызмат абалынан кыянатык менен пайдалуу”, “Мүлктү ыйгарып алуу” беренелери менен иш козголгон. Азыр бул иш облустук милициянын тергөө бөлүмүнүн карамагында жана сотко жөнөтүлгөнү турат. Ал эми буга чейин “Алдамчылык” беренеси менен козголгон кылмыш иши Сузак райондук сотунда каралууда.

Сопубек Сариев жумушка сынак аркылуу мыйзамдуу келгенин, тергөө иштери анын туугандары иштеткен компанияга карата жүрүп жатканын билдирди.

Билим берүү жана илим министрлиги Сопубек Сариевди Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылыгына өткөн жылдын 24-декабрында дайындаган. Райондо жалпысынан 109 мектеп бар. (RsK)

XS
SM
MD
LG