Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:03

Орусия берген аскердик техника чек арачыларга тапшырылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында бүгүн, 15-январда аскердик жардамды кабыл алуу иш-чарасы президент Сооронбай Жээнбековдун, Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько баштаган расмий өкүлдөрдүн катышуусунда болот.

Буга чейин Орусия Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында убада берген аскердик-техникалык жардамдын бир бөлүгүн Бишкекке жеткирген.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги чек араны коргоо жана өткөрмө пункттарын жакшыртуу максатында 123 автоунаа жана инженердик техника каражаты жиберилгенин билдирген. Алардын арасында тоо шартына ылайыкташкан 108 автоунаа, эки автокран, төрт санитардык автоунаа, эки жүктөөчү жана башка техникалык каражаттар бар.

Орусия менен Кыргызстандын ортосунда техникалык жардам тууралуу макулдашууга 2015-жылы кол коюлган. Анын алкагында Москва чек ара жана өткөрмө пункттарын ЕАЭБдин шартына ылайыкташтырыш үчүн техника жагынан жардам бермек.

Орусиянын элчилиги бул жардамдын экинчи бөлүгү быйыл жыл аягына чейин жеткирилерин кабарлады. (NT)

XS
SM
MD
LG